Бишкекте автобус, троллейбустардын иш тартиби өзгөргөн жок

Бишкекте автобус, троллейбустардын иш тартиби өзгөргөн жок.

Троллейбус башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей,

коомдук унаалар күндө таңкы саат 6дан баштап каттамдарды

жүргүзө башташат. Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине

байланыштуу, кичи маршруттардын кыймылы толугу менен чектелди.

Учурда калаада 76 автобус 12 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Ошондой эле троллейбустар дагы мурдагыдай эле каттамдарды аткарууда.

Жарандарга зарыл болбосо үйдөн чыкпай карантин режимин сактоо сунушталат.

Коомдук унаалардагы кыймылдан соң колдорду жууп,

көчөдө болсо антисептик колдонуу зарыл.