Вирусолог жана санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады

Вирусолог жана санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, дүйшөмбүдөн тартып медиктер айлык маянасынан тышкары

жөлөк пул алышат. Каражат эпидемиялогиялык фонддон бөлүндү. Эске салсак,

премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев оор шартта иштеп жаткан

дарыгерлерге кошумча акы берүү максатында 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.

Учурда коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлердин маянасы 10 миң сомду түзөт.