Коронавируска каршы вакцина алууга онлайн кезекке турса болот

Коронавируска каршы вакцина алууга онлайн кезекке турса болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн

vc.emed.gov.kg порталы ишке киргизилди. Эмдөөдөн өтүүнү каалаган

жарандар сайтка кирип, электрондук кезек бөлүмүн тандап, керектүү

маалыматтарды толтурушу керек. Тиркеме бүгүнкү күндө Бишкектеги

17 эмдөө түйүнүндө пилоттук режимде иштеп жатат. Аталган тиркемеге

жакынкы аралыкта толуктоолор киргизилет, андан кийин смартфон

аркылуу онлайн кезекке туруу мүмкүн болот.