Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту

Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту.

Мэриянын маалыматына ылайык, калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы спорттук мектепте

уюштурулган күндүзгү стационар кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу жабылды.

Учурда шаарда күндүзгү жана түнкү стационар иштеп жатат. Кошумчаласак, өлкөдө

эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Мындан улам жерлерде бир катар стационарлар жабылууда.

Бул өз кезегинде вируска кабылган жарандар азайганын билдирет.