Катардан келген гуманитардык жардам сатылган жок.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда,
чет өлкөдөн келген 420 кычкылтек концентратору Дары-дармек жана медициналык жабдуулар
департаментинин кампасында турат. Алар Саламаттыкты сактоо министирлигинин чечими менен гана
өлкөдөгү медициналык мекемелерге таратылат. Белгилеп кетсек, 3-августта Катардан Кыргызстанга
250 миң долларга бааланган медициналык жабдуулар келген.
Аны сатылып кеткен деген жалган маалыматтар тарап жатат.