Кыргызстанга 100 кычкылтек концентратору жеткирилди

Кыргызстанга 100 кычкылтек концентратору жеткирилди. Медициналык гуманитардык жардамды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көрсөттү. Анын суммасы 59 миң долларга барабар.

 

Буга чейин айтылгандай, өлкөгө алынып келинген медициналык жабдуулар убактылуу сактоочу жайга киргизилет. Кийин муктаждыгына жараша ооруканалар жана стационарларга бөлүштүрүлөт.