Коронавирустан вакцина Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилди

Коронавирустан вакцина Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу 24 агентигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

 

Облустарда эмдөө кийинки жумада башталат. Борбордон кошумчалашкандай, атайын тиркеме түзүлдү, анда вакцинациядан кийинки статистика жана анын натыйжасы көрсөтүлүп турат.

 

Дарыгерлер бейтаптарга  3 күн бою көзөмөл жүргүзөт. Учурга карата 300 адамга эмдөө жасалды, көбү медицина кызматкерлери. Үчөөндө гана дене табынын көтөрүлүшү катталды.