Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында электромобиль чыгарган завод куруу пландалууда.
Калаа мэриясынын маалыматына караганда, кореялык инвесторлор электромобилдерди
10 жылдык кепилдик менен өндүрөт. Завод үч этап менен иш алып барат.
Биринчиде – 65 миң, экинчи этапта – 300 миңден ашык жеңил унаа жана
минивэн классындагы машиналарды өндүрүү пландалууда. Алгач унаа
тетиктери чет өлкөлөрдөн алынып келинсе,
кийин Балыкчыда чогултулат, — деп кошумчалашты муниципалитеттен.