Баткенде чек ара жаңжалында шейит кеткен жоокерлердин аллеясы пайда болот

Баткенде чек ара жаңжалында шейит кеткен жоокерлердин аллеясы пайда болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, президенттин жарлыгынын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Анын алкагында, баатырларга наам, сыйлык каралат.

План боюнча курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот.

Балким таштан жасап, убакыт өтсө эскерүү күндөр да өтүп турат, — деди Төрөбаев.