Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу ойгонуп жаткан жер сатыкка коюлду

Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу ойгонуп жаткан жер сатыкка коюлду.

Аймак Храун дыйкан чарбасына тиешелүү, — деп билдирет Bloomberg агенттиги.

Учурда сатып алууну каалагандардан сунуштар түшүп жатат. Исландиянын бийлиги

ал тилкени сатып алууну каалабайт. Бирок унаа токтотмо, тик учак конуучу аянтча жана

туристтерди тейлей турган борбор курууга жарым миллион доллар бөлүп берүүгө даяр.

Өз кезегинде адистер белгилешкендей, жанар тоонун атылышы бир нече жылдарга созулушу мүмкүн.