Ош шаарында 1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу

1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда,

ресторан ээлери менен кийинки айга буюрутма албоо тууралуу

түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Ош шаары COVID боюнча

“кызыл зонада”. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө

коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын жарыялады.