Кубатбек Боронов Кадамжай районундагы айылдардын жашоочулары менен жолугушту

Бүгүн, 1-июнда Баткендин тургундары видео таратып, анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен жолукпай, өзбек тарап менен сүйлөшүүгө кеткени тууралуу айтылган. Кийинчерээк өкмөттүн басма сөз кызматы бул видео боюнча расмий билдирүү таратты. Анда Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушканы айтылат.

 

«Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту. Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.

 

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Ал ошондой эле тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты. Тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.
https://www.super.kg/kabar/news/310817/