Нидерланды ресторанында кардарларды робот официанттар тейлей баштайт

Нидерланды ресторанында кардарларды робот официанттар тейлей баштайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

 

Ага ылайык, бул ресторан Нидерландынын Ренессе шаарчасында жайгашкан. Ресторандын ээси бул роботторду 2019-жылы күзүндө Кытайдан «Royal Palace» ресторанында кардарларды тейлеп жатканын көрүп, анан алып келген. Ал мынчалык пайда алып келе тургандыгын бир канча ай мурун эч ойлобогон. Робот официанттардын кызматы өзгөчө коронавирус пандемиясында кереги тийди.

 

Эми ресторандын ичинде ак-кызыл жылтыраган эки робот имарат ачылган соң тамактарды жана суусундуктарды ташыйт. Мындан сырткары алар булганган идиштерди дагы чогултмакчы. Робот официанттардын дагы бир өзгөчөлүгү кардарлар менен саламдаша алгандыгында.

 

Нидерландыда ресторандар бүгүн, 1-июндан баштап, тагыраагы, эки айлык тыныгуудан соң ачылат. Бир учурда 30 кардарды гана тейлөөгө уруксат берилет.

Нидерландыда коронавирус менен 46 миң 442 адам катталган.