«Кыргыз алтынга» жаңы жетекчи дайындалды

Маратбек Чолпонкулов «Кыргыз алтын» АККнын башкаруучулугунун төрагасы болду. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

Ал акционердик коомдун директорлор кеңешинин чечими менен дайындалып, бүгүн жамаатка тааныштырылды.

 

Буга чейин Чолпонкулов Энергетика жана өнөр жай министрлигинде, Жогорку Кеңеште иштеген, экономика министринин кеңешчиси болгон. Ал эми 2019-жылдын 5-сентябрынан бери өкмөт аппаратынын өнөр жай, ЖЭБ жана жер казынасы бөлүмүнүн жетекчиси болуп келген.

 

«Кыргыз алтындын» мурдагы жетекчиси Элмырза Үкүбаев пара талап кылууга шектелип кармалган. Ал февраль айында камакка алынган. УКМК Үкүбаев 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.