Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек араны өтүү процедурасын жеңилдетет

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек араны өтүү процедурасын жеңилдетет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, Россия жана Кытайга бара турган Кыргызстан жарандарына Алмата аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

 

Учурда бул процедура татаалыраак – казак тараптан расмий чакыруу алуу керек.

 

Андан тышкары, эки тарап кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү түйүндөрүн ачуу маселесин көтөрүштү.