Кыргыз-казак чек арасын 4 бекет аркылуу кесип өтсө болот

Кыргыз-казак чек арасын 4 бекет аркылуу кесип өтсө болот. Алар – Чалдобар, Ак-Жол, Кең-Булуң жана Токмок өткөрүү түйүндөрү. Чек ара кызматынан билдиришкендей, эми Казакстан аймагына кирүү үчүн негиз талап кылынбайт.

 

Болгону ПЦР-тесттин оң жыйынтыгын же вакцинация тууралуу сертификатты көрсөтүү керек.

 

Ведомстводон такташкандай, Россияга Казакстан аркылуу барууну каалаган кыргызстандыктарга сөзсүз түрдө Россия элчилигинен тиешелүү маалыматты тактап алуу сунушталат.