Кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрүү бекеттери ишин жандантты.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө “Кең-Булуң” постунан жарандар,
оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады, ал эми “Токмок” көзөмөл-өткөрүү түйүнүнөн
жарандар жана унаалар гана өтүп жатат. Оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксаат берилген жок.
Ушуну менен кыргыз-казак чек арасында “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Кең-Булуң”, “Токмок” жана
“Чоң-Капка” өткөрүү түйүндөрү иштеп жатат. Эске салсак, посттордон өтө турган жарандарда
акыркы 72 сааттын аралыгында коронавирустун жок экенин тастыктаган маалым каты болушу керек.