Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат, белгисиз

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат, белгисиз. Бизге өкмөт аппаратынан билдиришкендей, бардыгы вирус боюнча жалпы абалга байланыштуу болот. Кытайлык товарлар менен иштешкендер тууралуу айта турган болсок, компенсация төлөп берүү суроосу көтөрүлгөн жок.

 

Эске салсак, 24-январда Кытай менен чек ара Жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу жабылган. Андан кийин өкмөт коронавирустан улам, чек араны ачпай туруу чечимин кабыл алган.