Кыргыз-казак өкмөт башчылары өткөрүү бекеттерин ачууну талкуулады

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа Биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу транзиттөө маселелерин талкуулашты.

Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырма берилди. Жолугушуунун алкагында дүң бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай-соода логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки өлкөнүн тармактык министрликтери карап чыгышары маалыматта белгиленген.

Бишкекте 5-ноябрда «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да уюштурулган.

Пандемия учурунда кошуна өлкө менен болгон каттамга чектөөлөр киргизилген.