Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө кайрадан
жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Учурда 120га жакын жүк ташуучу
унаа кезек күтүп турат, — деп билдиришти УКМКнын Чек ара кызматынан.
Мындай тыгын жүк ташуу агымы көбөйгөндүктөн жаралды. Бирок бул
кайталанып турган эле көрүнүш. Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү
жайларында мындай кырдаал жаралган жок. Жүгү жок жеңил унаалар
Казакстанга «Кең-Булуң» пункту аркылуу өтө алат, — деп кошумчалашты ведомстводон.