Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө казак тараптын инспекциялык-кароо комплекси иштебай калды.

 

Буга байланыштуу, унааларды өткөрүү процедурасы жай жүрүүдө. Учурда түйүндө 100дөн ашык унаа топтолуп турат. Ал эми кыргыз тараптан чек ара түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат, — дешти ведомстводон.