Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны туура 1 миллион адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны туура 1 миллион адам алды. Бл эмделе турчу көрсөткүчтүн 47,7 пайызын түзөт, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

 

Вакцинанын эки дозасын тең 776 миң кыргызстандык алды. Бул калктын 32,3 пайызын түзөт. Учурда эмдөөнүн темпи боюнча Ош, Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаары алдыда келе жатат. Эске салсак, Кыргызстанда март айынан тарта элди коронавируска каршы эмдөө башталды