Бишкекте үй-жайсыз калган аялдар жана балалуу энелер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Бишкекте үй-жайсыз калган аялдар жана балалуу энелер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мэриядан билдиришкендей, анда бир жолу ысык тамак берилип, медициналык жардам көрсөтүлөт.

 

Бул жерде 70ке чейин аял жашай алат. Социалдык кызматты учурда 28 аял пайдаланууда. Арасында 16 жаш бала жана төрт ымыркай бар. Коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери нөөмөттө турат.