Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү 4-апрелде чектелет.

 

5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.