Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү ишин жандантты

Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү ишин жандантты. novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 2-январдан тарта “Иркештам” түйүнү ачылса, “Торугарт” аркылуу унаалар жана жүк бүгүн өткөрүлө баштайт.

 

Эске салсак, буга чейин өткөрмө пункттар Жаңы жылга карата жабылган болчу. Белгилеп кетсек, түйүндөр өзгөчө алгоритм боюнча иштеп жатат. Алар аркылуу Кытайдан Кыргызстанга жүк гана өткөрүлөт.