Президенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министлигинен билдиришкендей, тартип сакчылар толук кандуу даяр, тиешелүү тапшырмалар берилди. 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Өлкө аймагында ачылган шайлоо тилкелерин учурда 5 миңден ашык милиция кызматкери кайтарып жатат.
Эске салсак, президенттик шайлоолор жана референдум 10-январда өтөт.