“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ишин жандантты.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары
Тилек Жээмбаев билдирет. Анын айтымында, ишкана 7-июлдан 13үнө чейин
санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында профилактикалык иштер үчүн жабылган.
Учурда ордо калаадагы бөлүмдө пособиелер бериле баштады, — деди Жээмбаев.