Дары-дармектин баасын негизсиз кымбаттатуу жана мыйзамсыз ташуу боюнча 27 факты катталды.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда медициналык
каражаттардын жана бет каптардын баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 4 иш каралып жатат.
Мындан тышкары гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физраствор, арбидол жана башка
препараттар катылып турган кампа аныкталды. Боронов белгилегендей,
мыйзам бузуу фактыларына карата каржы полициясы тиешелүү чараларды көрөт.