Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалган

Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялады. Баткендеги чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

 

Эске салсак, 27-январда Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолун бир тараптуу жаап салган. Андан кийин абал курчуп, коңшу өлкөнүн аскерлери ок атып, миномет жана гранатометтор колдонулган. Кагылышуунун жыйынтыгында 11 адам жабыркап ооруканага кайрылган.