Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси кеңейтилди

Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси кеңейтилди. “Азаттыкка” президенттин Баткендеги чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдиргендей,  тизмеге буга чейинки 62 айылдан тышкары 89 айылды киргизүү сунушталууда. Алар Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан.

 

“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынган.