Кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 191 кыргызстандык менен учак Ош аэропортуна конду. Мекендештерди жеткирүү үчүн Москва-Ош чартердик каттамы уюштурулган.
Алар студенттер, балалуу жана кош бойлуу аялдар. Чет мамлекеттерде калып калган кыргызстандыктарды кайтаруу тынымсыз жүрүүдө.