Жаңы жылдык корпоративдерге салынган тыюу азырынча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга гана тиешелүү

Жаңы жылдык корпоративдерге салынган тыюу азырынча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга гана тиешелүү. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөт аппаратынан билдиришти.

 

Чектөө жеке компанияларга дагы тийиштүү боло турганы азырынча белгисиз. Бийлик тыюунун аткарылышын кантип текшере турганы дагы белгисиз. Эске салсак, жаңы жылдык корпоративдер быйыл  өткөрүлбөйт деп вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады.

 

Мындай чечимди ал туруксуз эпидемиологиялык абал менен байланыштырды.