Жалал-Абад шаарында гүлдөрдү отургузуу башталды.
Мэриядан билдиришкендей, кечээ калаанын борбордук
Ленин көчөсүнүн боюнда иштер жүрдү. Бул жылы жаз-жай
мезгилдеринде шаар көчөлөрүн көркүнө чыгарып,
тургундарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында,
аталган чарбанын кызматкерлери кызуу даярдыктарды көрүүдө.
Ал эми ушул жылы аталган шаарда жалпы
20дан ашык гүлдүн түрүн тигүү пландалды.