Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясын сатып алат. Дүйнөлүк банк бөлүп бере турган 20 миллион долларга Sinopharm вакцинасы сатылып алынат, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта старт алды.
Бул максатта 75 миң адамга жете турган кытайлык вакцина сатылып алынган. Андан кийин россиялык “Спутник V” препараты жеткирилди. Май-июнь айларында британиялык Astra Zeneca вакцинасы өлкөгө келет деп күтүлүүдө.