Ысык-Көл облусунда суу каптоонун алдын алуу жумуштары башталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда Түп районундагы узундугу 1 миң 350 метрди түзгөн каналдын нугун тазалоо иштери жүрүп жатат.
Аталган тилкеде жаз-жай мезгилдеринде жана жаан-чачын нормадан ашык жааган учурда,
каналдагы суу нугунан ашып айыл тургундарынын үйлөрүн, айдоо аянттарын суу каптап келген.
Иштердин аякташы менен 20 турак жай жана 15 гектар жер тилкеси суу каптоодон корголот.