Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү эртең ачылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү эртең ачылат.

 

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түйүн толук жаңылоодон өтүп, техникалык жактан модернизацияланды.

 

Санариптик технологиянын жардамы менен чек арадан өтүү процесси жеңилдетилет.  Салтанаттуу ачылыш аземине байланыштуу, “Достук” бекети эртең саат 10дон 1ге чейин убактылуу жабык болот.