Бишкекке жыл аягына чейин 120 автобус алынып келет

Бишкекке жыл аягына чейин 120 автобус алынып келет. Бул тууралуу ордо калаа унаа транспорту ишканасынын директору Бакыт Темикеев  билдирди. Анын айтымында, кытайлык компания менен транспортту жеткирүү боюнча келишимге августта кол коюлган.

 

Ар бир автобус тетиктери менен 91 миң долларга айланат. Бул максатта каражат шаар бюджетинен бөлүнөт.