Кыргыз-кытай чек арасы эртең ачылышы күтүлөт

Кыргыз-кытай чек арасы эртең ачылышы күтүлөт. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 24-январдан 30-январга дейре “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү жабык.

 

Бул Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленгенине байланыштуу болду. Жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 31-январда жанданат.