Баткенге колдоо иретинде кыргызстандыктар тарабынан чогулган каражат сарптала элек

Баткенге колдоо иретинде кыргызстандыктар тарабынан чогулган каражат сарптала элек.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, акча жабыркаган районду калыбына келтирүүгө жумшалат.

 

Жалпысынан Баткен облусунун атайын эсебине 116 миллион сом, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,5 миллион сомдон ашык чогулду. Жунушалиев белгилегендей, каражаттын багыты бекитилди.

 

Башкы максат – имараттарды, социалдык объектилерди калыбына келтирүү жана жаңжалда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү.