Кыргызстанда медициналык адистиктерге бюджеттик орундар көбөйтүлдү.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.
Ал белгилегендей, Медициналык академияда 2020-21-окуу жылына карата эпидемиология, инфекциялык оорулар, микробиология, вирусология, пульмонология, тез жардам жана башка бир катар багыттар боюнча бюджеттик орундардын саны көбөйүп, жалпысынан 640ка жетти, — деди Бообекова.