Бет кап тагынбаган учурга жаза жок

Бет кап тагынбаган учурга жаза жок.

Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирет.

Анын айтымында, мыйзамда буга карата айыпка тартуучу мерчем жок.

Бирок жарандар көчөдө жүрүүдө саламаттыгы үчүн коргонуу каражаттарын

пайдаланышы зарыл. Эске салсак, буга чейин бийлик тарабынан көчөгө

бет кап жок жүрүүдө 1 миң сом өлчөмүндө айып каралганы маалым болгон.

Мындай билдирүү социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.