Кыргызстан аймагындагы 1 миң 200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат

Кыргызстан аймагындагы 1 миң 200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул максатта Дүйнөлүк банк “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында каражат бөлүп берген.

 

Мектептерге 15 стол, 15 отургуч, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге 21ден эмерек тапшырылууда. Андан тышкары, 24 миң 168 компьютер, 7 миң проектор, 2,5 миң хаб жана принтерлер жеткирилет.