Катар Бишкекте жаңы оорукана курууга 1 миллион доллар бөлдү

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат.

Саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун айтымында 75 орундуу заманбап медициналык жабдуулар орнотулган үч кабаттуу имарат курулат.

 

Анда оорукананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөрү пландалууда. Курулуш иштери Катар мамлекети тарабынан каржыланат.

Жалпысынан 1 миллион долларга жакын каражат бөлүнүп, тийиштүү документтерге кол коюлгандыгы маалым болду.