Жалал-Абад облусунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрүп, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырымы жуулуп кетти.

 

Андан тышкары, 4 сарайды суу каптаган. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.

 

Жабыркагандар жок.