Баткен шаарында жаңы типтүү мектептин курулушу башталды. Ал Кызыл-Дөң конушунда орун алып, 375 окуучуга чакталат. Окуу имаратын курууга Сауд өнүктүрүү фонду 84 миллион сом грант бөлүнгөн.
Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштер 2020-жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, мектеп ошондо колдонууга берилет. Кошумчалап кетсек, 2020-2021-жаңы окуу жылына дагы 7 мектепти пайдаланууга берүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Облуста жалпысынан 233 орто мектеп бар.