Кыргызстанда “Социалдык контракт” программасына катышкан аялдардын саны өсүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр мамлекет менен тиешелүү келишимди түзгөн 10 миң адамдын 9 миң 562си аялдар болгон. Бул 2022-жылы «Социалдык контракт» программасына катышкан аялдардын санынан 2,6%га көп.
Ошол эле учурда мамлекеттик колдоо менен бизнес ачкан эркектердин саны Ош шаарында, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында көбөйгөн.