Бүтүрүүчүлөр үйдө отуруп, жогорку окуу жайларына электрондук форматта тапшыра алат.
Абитуриенттин документ жана талондору аралыктан кабыл алынат, -деди
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова. Анын айтымында,
ЖОЖдорго кабыл алуу 20-июлда башталат. Ал эми бүтүрүүчүлөргө ЖРТнын жыйынтыктары
13-июлдан 19уна чейин тапшырылат. Жусупбекова белгилегендей, 9 жана 11-класстын
бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөр кечиктирилбей, өз убагында берилет.