Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим берүү онлайн режиминде башталат.
Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, тиешелүү буйрукка кол коюлду.
Анын айтымында, 1-курстун студенттери үчүн ведомство чектөө киргизген жок.
Алар окуу жай менен аралыктан таанышып, адаптациясы аралыктан жүргүзүлөт.