Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 9-апрелге чейин онлайн форматта жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 9-апрелге чейин онлайн форматта жүргүзүлөт.

Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдиргендей,

тестирлөөгө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында катталса болот. Ал жактан жеке кабинет

ачылып берилет. ЖРТга каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп,

мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.

Бул үчүн бир катар документтер талап кылынат. Негизги жана предметтик тесттин баасы 370 сомдон.

Тест 17-майдан 23үнө чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча 120га жакын борбор уюштурулат.