Кыргызстан дыйкандарына колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстан дыйкандарына колдоо көрсөтүлөт.

Айыл- чарба министрлиги ички өндүрүүчүлөргө түрткү берүү

максатында 15 миң тонна буудай сатып алат, — деп билдирди

ведомство жетекчисинин орун басары Азамат Мукашев.

Анын айтымында, дан мамлекеттик материалдык резервдер

фондуна жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө пландалган көлөмдүн

60 пайызы сатып алынды. Акция министрлер

кабинетинин квотасына ылайык жүрүп жатат.